Чүйдө жансыз денеси табылган аялдын аты-жөнүн тактоого милиция кызматкерлери жардам сурайт

Чүйдө жансыз денеси табылган аялдын аты-жөнүн тактоого милиция кызматкерлери жардам сурайт. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 29-ноябрында Ысык-Ата районунун Ново-Покровка-Сары-Жон айылынан арыктан болжол менен 40-45 жаштагы аялдын жансыз денеси табылган. Алгачкы кароодо күч колдонуу белгилери аныкталган эмес.

Өзгөчө белгилери: Жашы болжол менен 40-45 чамасында. Жансыз денеси табылган учурда кийимдери жок болгон. Жанынан спорттук шым, кофта, жана байпактары табылган.

Бул факты Ысык-Ата РИИБинде каттоого алынган. Кимде-ким аялдын аты-жөнүн билген болсо, төмөнкү номерлер аркылуу кабарлап коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.

Байланыш телефону: 0(509) 19-11-90, 0(312) 61-69-07, 0(708) 10-81-10.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан