Ош шаарындагы "Тазалыктын" жумушчуларына түзүлгөн шарттардын сүрөттөрүн шаардык мэрия жарыялады.
Ош шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, "Ош-Тазалык" муниципалдык ишканасында ашкана ачылып, ыңгайлуу шарт түзүлгөн.
Мындагы тамак-аштар башка жайлардан арзан баада сатылып, тамактын көптөгөн түрү жасалат.
Эскерте кетсек, тазалыкты камсыздап иштеген жумушчуларга тамак-ашы үчүн акча маянасына кошулуп төлөнөт.