SUPER.KG порталына Бекболот Эргешов аттуу жаран кайрылды. Ал апасы Дилбаркан Бешимованын бооруна тез арада операция жасатуу үчүн керектүү сумма топтолбой жатканын айтып, кайрымдуу элден жардам сурады.
Анын айтымында, дарыгерлер апасына боор циррозу диагнозун коюшкан.
"Апам азыр ооруканада жатат. Ишемби күнү операцияга кирет. Азыр Москвада, бооруна операция жасатуу керек болуп жатат. 2012-жылдан бери дарыланып, азыр ушул абалга келди. Кыргыз өлкөсүндө болчу, бул жакка келгенине 1 жарым ай болуп калды. Операцияга 2 миллион рубль (2 миллион 200 миң сомдун тегереги) керек дешкен. Азыр жарымы чогулуп калды. Операция Москвада жасалат", - деп билдирди ал.
Ал эми Дилбаркан Бешимова кыргыз элинен жардам сурады.
"Урматтуу, берешен кыргыз элим, тез аранын ичинде операция жасатуу керек болгондуктан айла жок жардам сурайм. Колуңуздардан келишинче жардамыңыздарды аябаңыздар (ыйлап). Ар бир жардам берген адамга Кудайым эселеп соопторду жазсын", - деди Бешимова.
Жардам берүүнү каалагандар төмөнкү реквизиттер аркылуу жардам берсе болот:
Россия Сбербанк: 4279 3806 2592 5542 Бекболот. Э +79296767014
Кыргызстан Элкарт: 9417339009183989 Бешимова Кишимкан.
Элсом: 0706-63-44-25