"Достору менен жолукканы кеткен бойдон дайынсыз ". Бишкекте Алтынбек Асанкадыр уулу 2 жылдан бери дайынсыз болуп изделүүдө

Бишкекте Алтынбек Асанкадыр уулу 2020-жылдын июнь айынан бери дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу бир тууган эжеси Альфинура Жунушбаева билдирди.

Анын айтымында, иниси 2020-жылы Таштар-Ата аймагындагы Виноградная көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

"Иним 1996-жылы 13-мартта туулган. 2020-жылы 19-июнда достору менен жолукканы үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Эч кандай оору менен жабыркачу эмес.

Милицияга кайрылганбыз, табылбай жатат", - деп билдирди Жунушбаева.

Белгилери:

Бою 173 сантиметр, салмагы 50 килограмм.

Кийген кийимдери: кара жынсы шым, кара футболка (ред.: жай мезгили болгондуктан), кара пиджак, бутунда кара түстөгү кроссовка, барсеткасы бар болгон.

Сүрөттөгү адамды көрүп, билгендер болсо 0700 55 22 01 номерине кайрылып коюуну жакындары өтүнөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан