Таластагы ун тартыштыгын жоюу үчүн Чүйдөн ун ташылууда. Бул тууралуу маалымат жыйында Тегирменчилер ассоциациясынын жетекчиси Рустам Жунушов билдирди.
Анын айтымында, Талас облусундагы ун тартыштыгы Казакстандагы кырдаалга байланыштуу жаралган. "2016-жылдардан тарта Таласка аткезчилик жол менен ун ташуу абдан күчөп анын жыйынтыгында жергиликтүү ишканалар жабылып калган. Ал эми жыл башындагы Казакстан өзүндөгү баш аламандыктарга байланыштуу чек араларын жапты. Жергиликтүү ишканалар жок, сыртта ун кирбей калып, мына ушундан улам ун тартыштыгы жаралды”, - деди Жунушов. Ошондой эле ал Таластагы тартыштыкты жоюу үчүн учурда Бишкектен, Чүйдөн жана Жалал-Абаддан ун ташылып жатканын билдирди.