Бишкекте 8 жаштагы Бахрам Бахрамов 16 күндөн бери дайынсыз. Атасы милицияга кайрылды

Бишкекте 8 жаштагы Бахрам Бахрамов дайынсыз болуп изделет. Ал узап кеткен жылдын 28-декабрынан бери дайынсыз болуп жатканын Ленин РИИБинин маалымат кызматынан кабарлашат.

Белгилүү болгондой, баланын атасы 12-январда милиция кызматкерлерине кайрылды. Ал 28-декабрь күнү баласы Чүй кең көчөсү менен Бейшеналиева көчөсүнүн кесилишинен белгисиз тарапка кетип, ошол бойдон дайыны билинбей жатканын кабарлады.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Баланын өзгөчө белгилери - бою 130 сантиметр, чачтары кара, көздөрү күрөң.

Кийип жүргөн кийимдери - күрөң түстөгү күрмө, боз түстөгү спорттук шым, бут кийими кара, башында шапкасы бар.

Өзгөчө белгилери - маңдайындагы эки тиши (үстүнкү) жок.

Сүрөттөгү баланы көргөн, билгендер болсо төмөнкү номерлер аркылуу кабар берип коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.

Байланыш номерлери: 0 (312) 352-605, 0 (312) 444- 457, 0 (312) 352-632, 0 (500) 032-000, 0 (553) 102-465, 0 (703) 401-600, 0 (705) 450-553, 0 (553) 102-880, 0 (500) 032-000, 0 (708) 051-949 же 102.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
bratanyn
2022-01-13 12:14:32
Табылып калса экен.Өзүнүн ысымын баласына койгон экен да.
+3
assanov97
2022-01-13 12:44:28
bratanyn,Чон атасынын аты. Вламидир Вламидирович
+1
tsunse
2022-01-13 13:21:51
16 күн кантип чыдадыңар, 1 күн жок болсо кыжаалат болуп кетебиз
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан