Бишкекте милиция кызматкерлери эс алуучу жайлардын бириндеги уурулуктун алдын алышты

Бишкекте эс алуучу жайлардын бириндеги уурулук ишине милиция кызматкерлери бөгөт коюшту. Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, окуя былтыр 30-декабрга караган түнү орун алган.

"Бата" эс алуу жайына түнкү саат 03:10 чамасында белгисиз адамдар кирип, уурулук жасоого аракет кылышкан. Бул учурда аталган жайдын жетекчиси дүрбөлөң сигналын иштетип, жерине Свердлов РИИБинин кызматкерлери барышкан. Алар кылмышкерлердин каршылык көрсөткөнүнө жана качып кетүүгө аракет кылганына карабастан изин суутпай колго түшүрүп, тергөө кызматына өткөрүп беришти.

Эс алуучу жайдын жетекчиси Усеин Арыпбеков кылмыштын алдын алган тартип сакчыларына ыраазычылык билдирип, министрге кат жолдоду. Ал кызматтык милдеттерин жооопкерчиликтүү, сапаттуу, так аткаргандыгы жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө кошкон зор салымы үчүн Свердлов райондук күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери милициянын прапорщиги Ислам Осорбаевге, милициянын старшинасы Нурсултан Бактыбековго жана милициянын ага сержанты Нурсултан Арыкбаевге ыраазычылыгын билдирди", - дешет мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан