Коронавирустун жайылышына байланыштуу Түштүк Кореяда медициналык бет кап алуу үчүн кезекке тургандар жүздөп саналат. Кардарлардын узун кезеги бүгүн, 24-февралда жаралып, бир нече чакырымга жетти.
Узун кезекке тургандардын видеосу интернетке тарап, анда Тэгу шаарындагы көчөлөрдүн бири тартылган. Дүйнөлүк басылмалардын маалыматына караганда, дүкөндөрдүн биринде медициналык бет каптар өз баасынан арзан, тагыраагы, жарым баада сатылып жаткандыктан кезекке тургандардын саны арбыган.
Бет кап үчүн узун кезекке тургандардын аягы көрүнбөгөнүн видеодон байкоого болот.