Коронавирус чыга элек 20 өлкө аталды

Чет элдик маалымат каражаттары коронавирус аныктала элек 20 мамлекетти жана адамдар дайыма отурукташ аймактарды атады.

Акыркы расмий маалыматтарга караганда, коронавирус 15 өлкөдө жана 11 калк дайыма отурукташкан аймакта чыга элек. Өлкөлөрдүн катарына Комор аралдары, Кирибати, Лесото, Маршалл аралдары, Микронезия Федеративдик Штаттары. Науру, Палау, Соломон аралдары, Тажикстан, Тонга, Түркмөнстан, Тувалу, Вануату жана Түндүк Корея кирген.

Ал эми калк дайым отурукташкан аймактарга Питкэрн, Ыйык Елена аралдары, Вознесения жана Тристан-да-Кунья (Улуу Британия), Америкалык Самоа (АКШ), Уоллис жана Футуна аралдары (Франция), Шпицберген (Норвегия), Рождество жана Норфолк аралы, Кокос аралдары (Австралия), Ниуэ, Токелау, Кука аралдары (Жаңы Зеландия) кирген.

Басылмалар айрым өлкөлөрдө коронавирус бар экенин, бирок алар жашырып жатканын кошумчалай кеткен.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
aslan_akjol89
2020-04-24 14:00:25
Албетте,жашыргандар бар.Таджикистан,Туркменистан жашырып жатышат.Таджикистанда канчалаган адам олду,пневманиядан олду дешет коронавирус эмес.Же тили келбейби коронавирус дегенге.
+12
Eldar6724
2020-04-24 19:16:30
aslan_akjol89,Ким жашырып жаткан Аллах билет, ал эми пневмония оорусу менен дүйнө боюнча жылына өтө эле көп адамдар каза болушат.
0
bekbolotabdirasulov
2020-04-24 16:20:46
ал олколор мененкытайдын договору жок болгондугуна байланыштуу!
тажикистан менен туркменистан договор эми кылышатко сынары...
0
bars06
2020-04-25 11:36:05
Беларусияны эмнеге кошкон жок булар?
-1
Evroset.Evroset.
2020-04-25 13:22:55
bars06, Белоруссия ооруп эле атат го
0
Evroset.Evroset.
2020-04-25 13:25:50
bars06, Белоруссияда 8.780 Адам ооруп атат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан