Азыр өлкөдөгү дандын 90 пайызы сырттан Орусия жана Казакстандан ташылып келет. Бул тууралуу маалымат жыйында Тегирменчилер ассоциациясынын жетекчиси Рустам Жунушов билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө ун чыгаруучу ишканалардын дагы саны азайып, учурда 27 ишкана гана иштөөдө.
“Тегирмендердин токтоп, жабылганынан улам 2016-жылдан бери буудайдын айдоо аянттары 120 миң гектарга кыскарган. Буудай өстүргөн дыйкандар тоют үчүн дан эгиндерин арзан баада сатууга аргасыз болуп, чыгым акталбагандыктан башка айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө өтүшкөн”, - деди Жунушалиев.