Караколдо суукка катуу үшүп калган балага милиция кызматкерлери жардам беришти. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милициянын көчмө кабылдамасы менен кызмат өтөп жаткан Каракол ШИИБинин кызматкерлерине шаар тургуну кайрылып, көп кабаттуу үйлөрдүн короосунда узак убакыттан бери суукта 6-7 жаштагы бала жүргөндүгүн билдирген. Милиция кызматкерлери дароо чара көрүшүп, суукта жалгыз жүргөн баланы табышты. Бала сууктан үшүп, жакшы сүйлөй албай да калган.
"Шаардык милициянын өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери балага ысык чай беришип, жылыгандан кийин, андан маалымат алууга аракет көрүшкөн. Жети жашар баланын айтымында, апасы көп убакыттан бери спирт ичимдиктерин ичип жүргөндүгүн, акыркы жолу чогуу баратканда көчөдө мас болуп уктап калганын, бала болсо кетип, кайра келип апасын таппай калганын айткан.
Милиция кызматкерлери тийиштүү иш кагаздарын толтуруп, суукта табылган баланы балдар үйүнө убактылуу өткөрүп беришип, апасын издөөгө алышты. Көп узабай баланын апасы шаардын көчөлөрүнүн биринде мас абалында жүргөнү аныкталды.
Каракол ШИИБинин өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тийиштүү иш кагаздарын даярдап, маселени мыйзам чегинде чечүү максатында мэриянын балдарды коргоо боюнча бөлүмүнө өткөрүп беришти", - деп айтылат билдирүүдө.