Еxpo-2020. Кыргыз павильонуна келген араб делегациясын бал азыктары кызыктырды

Бириккен Араб Эмираттарынын өкмөт мүчөсү жана экономика министри Абдалла бен Тоук Аль Марри Кыргыз Республикасынын Expo-2020 көргөзмөсүнө коюлган павильонун көрүп кетти. Меймандарга экспозицияны Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти тааныштырды.
"Павильонду кароо учурунда Абдалла бен Тоук Аль Марри Бириккен Араб Эмираттары Кыргыз өлкөсү менен андан аркы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкчылык бар экенин билдирди. 2021-жылдын 14-декабрында Expo-2020нын алкагында Кыргыз улуттук күнүндө расмий делегациянын келиши тыгыз кызматташуунун башаты катары бааланды.
Павильондо коюлган продукция менен таанышкан соң араб министри кыргыз товарларын БАЭнин рыногуна жылдырууга жакшы мүмкүнчүлүктөргө ээ экенин белгилеп өттү. Делегацияда өзгөчө кызыгууну бал азыктары жаратты", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан