"Абалы оор". Санкт-Петербургда Кыргыз жараны имараттын чатырындагы карды тазалап жатып кулап кетти

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында Кыргыз жараны бала бакчанын чатырындагы карды тазалап жатып кулап кетти. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 12-январда болгон. Седова көчөсүндөгү бала бакчанын чатырындагы карды тазалап жаткан Кыргыз жараны кулап кеткен. Ал "Тез жардам" кызматы менен дароо ооруканага жеткирилген.

Дарыгерлер анын баш мээси ачык жаракат алганын, баш сөөктөрү сынганын аныкташкан. Учурда бейтаптын абалы оор.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
orun
2022-01-13 15:09:03
Аллах шыпаа берип тезреек айыгып кетсин. Мекендештер өзүңөргө сак болгула. Мындай кооптуу иштерге барбай эле коюш керек.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан