Кыргыз-казак чек арасында айрым чектөөлөр кирди

Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү-бекеттерине айрым чектөөлөр кирди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, эми учурда иштеп жаткан "Ак-Тилек", "Чалдыбар", "Ак-Жол", "Чоң-Капка" "Каркыра" өткөрүү бекеттеринен Казакстанга Казак жарандары гана өтө алат. Ал эми Казакстандан Кыргыз мамлекетине өтүүгө чектөө жок.

"Кен-Булуң" жана "Токмок" өткөрүү бекеттерин Казакстан 7-январда бир тараптуу жапкан боюнча турат.

УКМК өткөрүү бекеттеринде чектөөлөр өзгөрүшү мүмкүндүгүн эске салат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Alinur96kg
2022-01-13 16:12:20
Ушулардыкы отту да,бир нерсе болсо эле чек арасын жаба салышып эле.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан