Ош облусунун Кара-Суу районунда 61 жаштагы Асылбек Мукуев дайынсыз болуп изделүүдө

Ош облусунун Кара-Суу районунда 61 жаштагы Асылбек Мукуев дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмү дайынсыз жоголгон 1961-жылы туулган Кара-Суу районунун Кыргыз-Чек айылынын тургуну Мукуев Асылбек Базарбаевичти табууга көмөктөшүүнү суранат.

Дайынсыз болуп изделип жаткан жаран 6-январь күнү саат болжол менен 09:00 чамаларында үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.

Белгилери: бою 170-175 сантиметр, дене түзүлүшү арык. Кийген кийимдери кара түстөгү куртка, кара түстөгү тумак, кара түстөгү шым, бутунда кара түстөгү кышкы бут кийим.

Кимде ким сүрөттөгү жаранды көрүп-билген болсо, төмөнкү номерлерге чалып коюуну милиция кызматкерлери суранат.

Байланыш телефону: (03232) 5-31-81, (03232) 5-81-28, 0558 82 48 80, 0707 33 43 23, 0551 00 55 11.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан