Дарыгердин көрсөтмөсү жок антибиотиктерди өз алдынча колдонууга болбойт. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришет.
Маалыматка ылайык, антибиотиктер дарыгердин рецепти менен гана сатылышы керек.
Антибиотиктер кандай зыян келтириши мүмкүн?
• Аллергиялык реакциялар жана башка күчөгөн, анын ичинде оор жана өмүргө коркунуч туудурушу мүмкүн. Айрым учурда өлүмгө чейин алып барат. Анафилактикалык шок, Квинкенин шишиги 1 таблетканы ичкенден кийин да пайда болушу мүмкүн.
• Ичеги микрофлорасынын бузулушу.
• Бактериялардын туруктуу штаммдарынын көбөйүшү жана таралышы.
Бейтаптар үчүн эскертме:
• Эч качан өз алдынча дарыланбаңыз!
• Дарыгердин уруксаты жок антибиотиктерди колдонбоңуз.
• Вирустук инфекцияларды дарылоо үчүн антибиотиктерди ичпеңиз, вирустарга таасир этпейт.
• Ооруну алдын алуу үчүн антибиотиктерди колдонууга болбойт.
• Айыга баштаган учурда антибиотикти ичүүнү токтотпостон, дарыгер жазып берген дарылоо курсун толук бүтүрүү керек
• Дарыгер жазып берген антибиотиктин дозасын өз алдынча алмаштырууга болбойт.
• Эгерде дарылоо курсу аяктап, ал эми антибиотик калып калса, калдыктарын “кымбат болчу, калтырып койгум келбейт” деп ичип түгөтүүнүн кажети жок.
• Сизге жазылган антибиотикти башка адамдарга бербеңиз.
Эске салсак, буга чейин дарыгердин көзөмөлү жок өз алдынча антибиотик ичип дарыланган аял киши каза болгону айтылган.