Алматыдан дагы 30 Кыргыз жараны алып келинди

Казакстандагы баш аламандыктан кийин Алматы шаарынан дагы 30 Кыргыз жараны Бишкекке алып келинди. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинен кабарлашкандай, алар кечээ, 13-январда келишти.

"Ал эми 1999-жылы С. уулу О. Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 392-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде Кыргыз-Казак мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөндүгү үчүн кармалганын маалымдайбыз. Кыргыз өлкөсүнүн Алматы шаарындагы Башкы консулдугу консулдук-укуктук жардам көрсөтүү боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.

Ар бир катталган иш Кыргыз мамлекетинин Казакстандагы элчисинин жана Алматы шаарындагы башкы консулунун жеке көзөмөлүндө", - дешет тышкы саясий ведомстводон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА