SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Баткен шаарынын тургуну кайрылып, шаардагы тазалык сакталбай, көчөлөрдө таштандылар тазаланбай жатканын айтып нааразы болгон.
Жогорудагы маселе боюнча Баткен шаарынын мэриясынын басма сөз кызматына байланышканыбызда, төмөнкүлөрдү билдиришти.
"Тазалык" ишканасынын кызматкерлери тарабынан М.Нургазыев, М.Салихов көчөсүндөгү лотоктогу арыктар тазаланды. Күн сайын "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери тазалык иштерин жүргүзүүдө", - деп билдиришти шаардык мэриядан.