Ошто 20 жаштагы кыз 12-кабаттан боюн таштап каза болду. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына маалымдашты.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 14-январда саат 03:00дө болгон. Кыз 20 жашта болгон. Ал батирди ижарага алып, түнү 12-кабатта жайгашкан батирдин терезесинен секирип кеткен. Ал Кадамжай районунун тургуну, Ош шаарындагы университеттердин биринде билим алып жаткан. Окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.
Алдын ала маалымат боюнча, кыз өз жанын кыйган.