Казакстанга кеткен кыргыз аскерлери өлкөгө келишти (видео)

Бүгүн, 14-январда коңшу Казакстандагы баш аламандыкта Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун алкагында атайын жөнөтүлгөн кыргыз аскерлери өлкөгө кайтып келишти.

Аскер кызматкерлерин тосуп алуу үчүн УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев дагы келди.

7-январда кыргыз аскерлери Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун тынчтык орнотуу миссиясына катышуу үчүн Казакстанга учуп кетишкен. Анда Кант шаарынан Казакстанга 150 аскер жана 19 техника жөнөтүлгөн.

Жогорку Кеңеш Кыргыз өлкөсүнүн бейпилдик күчтөрүн ЖККУ аркылуу Казакстанга жөнөтүүнү жактырып, андан соң президент аскер кызматкерлерин жөнөтүү боюнча жарлыкка кол койгон.

Казакстанга кеткен кыргыз аскерлери өлкөгө келишти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Pchelka85
2022-01-14 13:31:44
Жанакы кылган иштен сразу жамандык коруп аткан лайкерлер кана... аскерлер кете электе эле аман эсен барып келишсиндин ордуна"Олуп калса ким жооп берет" деп ач айкырык салгандар.. коруп алгыла. Олбой житпей аман эсен келишти.. эми эмне деп кыйкырып чыгасынар?
+6
Ela93
2022-01-14 14:41:57
Pchelka85, antiradikal10 ушул Бир тууганым аябай кыжалат болду эле, мына Кудайга шугур Аман барып келди!
+5
Pchelka85
2022-01-14 16:44:29
Ela93,)))))
0
Antiradikal10
2022-01-14 18:54:54
Ela93, жуздогон казак жараны олуп, он минден ашууну камалды. Мына ошонун баарынын урук-тууганы, жалпы эле казак эли канкор Токаев менен аскер жоноткон ОДКБ олколорун жектеп отурат. Баарынан да тууган кыргыз элин. Маскарачылык. Аскер жоноткондор да, аларды колдогондор да, кыргыз элинин душманы!
-4
Ak_Bulut
2022-01-14 15:21:45
Аа эмне өлүш керек беле!! Ырас Кудай колдоп аман келишти , шүгүр
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан