Кыргыз өлкөсү менен Казакстандын ортосундагы аба каттамдар жандандырылды

Кыргыз өлкөсүнөн Казакстанга аба каттамдар жандандырылды. "Манас" эл аралык аэропортунан кабарлашкандай, бүгүндөн тартып Алматы-Бишкек-Алматы багыттары боюнча авиакаттамдар жандандырылды.
Ал эми Бишкек-Нур-Султан-Бишкек багыты боюнча каттам 12-январда жандандырылган.
"Урматтуу жүргүнчүлөр, Казакстанга кирүү эрежелери өзгөртүлдү. 2022-жылдын 15-январынан тартып Казакстанга кирүүдө, чет өлкөлөрдөн келген жүргүнчүлөрдүн бардыгында COVID-19га каршы жасалган ПЧР-тестинин терс жыйынтыгынын (акыркы 72 саат ичинде) маалымкаты болушу керек.
Эреже 5 жашка чейинки балдарга колдонулбайт. Маалымкат англис, орус же казак тилдеринде болушу зарыл.
Эгерде сизде ПЧР-тестинин маалымкаты жок болсо, анда аэропорттон учакка отурууга уруксат берилбейт", - деп кошумчалашты мекемеден.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан