"Кыргыз темир жолу" ишканасынын мурдагы жетекчиси Василий Дашков үй камагына чыкты

"Кыргыз темир жолу" ишканасынын мурдагы жетекчиси Василий Дашков үй камагына чыкты. Бул тууралуу Биринчи Май райондук соттун басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына маалымдашты.

Маалыматка ылайык, Биринчи Май райондук соттун 31-декабрдагы чечими менен Василий Дашков саламаттыгына байланыштуу үй камагына чыкты.

Эске салсак, буга чейин, 2021-жылдын 9-июнунда УКМК Дашковдун кармалганын маалымдаган. Ал "Кыргыз темир жолу" ишканасын башкарып турганда миллиард сомдон ашуун акчаны жеке компанияга мыйзамсыз которгону аныкталган. Анын мамлекетке келтирген зыяны 1 миллиард 500 миллион сомго бааланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Men_ele
2022-01-14 14:49:47
Миллион дагы эмес миллиарддап жеп атса анан камалмак беле, конечно чыгат да. Бир кой же тоок уурдап атты беле кесилип кеткендей).
+12
Ergeshev.77
2022-01-14 15:06:30
Неге карапайым адамдар уй камагына же ооруп калса больницага чыкпай бай адамдар чыгат
+8
erkegenje
2022-01-14 15:11:36
Атамбаевти дагы чыгаргылада уй камака анан активисттерди
+2
Ergeshev.77
2022-01-14 15:18:24
Ишене бергилеанан 3 миллион токту казынага деп актап чыгарып жиберет бул не деген бийлик бай анан кедей деп болгон де окудукпу интернеттен токпосо да чыгардык ак экен созду
+3
Dembele84
2022-01-14 15:42:22
Чочкодой семирген дашков коугнон берген бейм эки доско.
+4
souza.j
2022-01-14 16:37:05
Да. Доллар кыйын да
+3
Antiradikal10
2022-01-14 18:56:57
Мына силерге Жапаров менен Ташиевдин "адилеттуулук" тушунугу"......
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан