Эдил Байсалов: "Учурда жаш дарыгерлерди өлкөдө иштеп калуусун камсыздоо милдети турат"

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын Клиникалык көндүмдөрдү өнүктүрүү жана билимди баалоо борборунун жаңы корпусуна капсула коюу салтанатына катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Өз сөзүндө министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары медициналык жогорку окуу жайынын атамекендик саламаттык сактоо тутумун түптөөдөгү тарыхый маанисин белгиледи.

"Иса Ахунбаев атындагы медициналык академияны өнүктүрүүгө өзгөчө маани берилет. Негизги милдет – коомдук саламаттык сактоону өнүктүрүүгө умтулуубуз керек. Буга чейин объективдүү себептерден улам кемчиликтер болгондугун моюнга алуу керек. Бирок учурда президентибиздин чечкиндүүлүгүнүн жана мамлекеттик деңгээлдеги кадамынын аркасында жана бюджеттик мүмкүнчүлүктөрдүн жогорулашын эске алуу менен саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүүгө каражаттарды багыттоо артыкчылыктуу милдет болуп саналат", - деди Эдил Байсалов.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары белгилегендей, саламаттык сактоо тутумунда жаш адистердин айлык акысын жогорулатуу жаатында тийиштүү шарттар түзүлүүгө тийиш.

"Бул университетте дүйнөлүк илимдин мыктылары иштеген. Бүгүнкү күндө дүйнөнүн ар кайсы булуң-бурчтарында иштеп жаткан академиянын бүтүрүүчүлөрүнүн ийгиликтери жалпыга маалым. Учурда жаш дарыгерлерди өлкөдө иштеп калуусун камсыздоо милдети турат", - деди Эдил Байсалов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
rahat73.
2022-01-14 16:30:44
Эдике ошол окууну бүтүп ординатура окуп жаткан балдар кыздарга көңүл буруш керек алар биздин келечек канчалары жакшы бүтүп анан жумушка киргенде 5000сом айлык алат ал кезде үй бүлө күтүп калган болот анан жетишпестик тең чет жака кетип атышат токтотуу үчүн бир программа кабыл албасак жакшы уул кыздар жашоонун айынан элибизден кетип калат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан