"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Аксынын Үч-Коргон ГЭСинен Кош-Дөбө айылына чейинки жолдун 5 чакырымына асфальт төшөлөт

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун тургуну "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө кайрылып, Аксы районундагы Үч-Коргон ГЭСинен Кош-Дөбө айылына чейинки жолдун абалы мышык ыйлагыдай деп кайрылган.

Окурмандын кайрылуусу боюнча Аксы районунун акими Замирбек Сыдыковго байланышканыбызда, жолдун 5 чакырымын оңдоп-түзөө планга киргизилгенин айтты.

"Бул жол кейиштүү абалда экенин билебиз. Быйыл Транспорт министрлигинин планына 5 чакырым жолго асфальт төшөө иши киргизилди. Жумуш качан башталары азырынча белгисиз. Бөлүнгөн каражатка жараша анан иш башталат. Бирок жолду оңдоо планга киргизилди", - деп билдирди аким.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
TIMON_BERKOWITZ
2022-01-14 16:22:12
5км? Ооз тийип коебу эл?))
0
Nursultan.92
2022-01-14 18:11:31
Үч коргон гестен кош дөбө айылына чейин 60 километр 5 эле километр ондоп тузолсо калганын ким кылат
0
Dembele84
2022-01-15 10:20:06
Ош-Ноокат,Баткен жолу эшектикиндей болуп жатат дагыле,бир маселе которгон чиновник жок!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан