Ошто санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы көзөмөлдөнөт

Өлкөдө коронавирус илдетине кабылгандар күн санап кайрадан көбөйүп жаткандыгына байланыштуу Ош мэриясы жыйын өткөрдү. Анын жыйынтыгында, эл көп жүрүүчү жайларда санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо боюнча рейддик, дезинфекциялык иш-чараларды жүргүзүү күчөтүлмөй болду. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйында Ош шаарында коронавирустун жана пневмониянын жайылышынын алдын алуу багытында жүргүзүлүп жаткан иштер каралды. Ага ылайык жооптуу тармактардын жетекчилерине төмөндөгүдөй тапшырмалар берилди:

  • Эпидемиологиялык абал жакшырганга чейин саламаттыкты сактоо жана билим берүү мекемелеринде түшүндүрүү иштерин күчөтүү, базарларда санитардык эрежелерди сактоо;
  • Калкка, бардык окуу жайлардын студенттерине, анын ичинде чет өлкөлүк студенттерге эмдөө жана кайрадан вакцинациялоо иштери боюнча түшүндүрүү иштерин алып баруу;
  • Муниципалдык аймактык башкармалыктар санэпид кызматы менен биргеликте базарларда, коомдук тамактануучу жайларда түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн күндүзгү жана кечки рейддерди уюштуруу;
  • Жума намазы учурунда санитардык нормаларды сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү;
  • Эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин шаардын алыскы райондорунун тургундарын эмдөө жана кайрадан вакцина алуусу үчүн мобилдик топтордун ишин күчөтүү;
  • График менен билим берүү, саламаттыкты сактоо мекемелерин, базарларды дезинфекциялоо;
  • Кампаларда зарыл болгон дары-дармектердин камсыз болушу тиешелүү бөлүмдөргө тапшырылды.

Ошондой эле штабдын жыйынында Ош шаарында коронавирустун жаңы омикрон штаммын аныктоо үчүн тиешелүү анализдер алынышы күтүлүп жатканы айтылды.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан