"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Төмөнкү Ала-Арча айылында автобус каттамы эмнеден улам жүрбөй калганы айтылды

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Аламүдүн районунун Төмөнкү Ала-Арча айылынын тургуну кайрылып, Төмөнкү Ала-Арча айылында №17 автобус бир канча убакыт жүрүп, кайра каттамдан алынганын айткан.

Жогорудагы маселе боюнча Бишкек шаардык мэриясына караштуу Транспот башкармалыгына байланышканыбызда, эмнеден улам автобус каттамдан алынганын айтып беришти.

"Шаардык транспорт башкармалыгына (ШТБ) "Эко пассажирские перевозки" ЖЧКсынын жетекчилиги 2021-жылдын 4-ноябрындагы №85 каты менен кайрылган. Тагыраак айтканда, жумуштун рентабилсиздигинен жана жүргүнчүлөрдүн жоктугунан улам №17 автобустук каттамдын ишин токтотуу тууралуу жөнүндө жазылган.

Коомдук транспорттогу суроо-талапты эске алып, каттамды токтотпоо максатында №17 автобустук каттамдын кыймыл чиймесин жарым-жартылай өзгөртүү маселеси “Шаардык каттамдардын кыймыл чиймесин ачуу, өзгөртүү жана жабуу боюнча” ведомстволор аралык комиссиянын жыйынында каралып, комиссиянын чечимине ылайык, “Эко пассажирские перевозки” ЖЧКсына таандык №17 автобустук каттамдын кыймыл чиймесин жарым-жартылай өзгөртүү боюнча чечим кабыл алынган.

Башкача айтканда, түндүк бөлүгүндө акыркы токтоочу жай Красный строитель жана Зима, Бухарская көчөлөрүнө чыгуу менен, андан кийин бекитилген кыймыл чиймеси боюнча иш алып барат", - деп билдиришти башкармалыктан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан