Бүгүн, 14-январда Бишкек мэриясынын алдына Арча-Бешик конушунун тургундары жер тилкелерин мыйзамдаштырууну талап кылып чыгышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев алар менен жолугуп, анда бул көчө Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнө караштуу экени белгилүү болду. Буга чейин 2005-жылы бул жер тилкелери Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин райондук администрациясынын чечимдери менен берилген. Бирок ал аймак Сокулук районуна карагандыктан 16 жылдан бери маселе чечилбей келген.
"Шаар мэри жарандарды угуп, «Кыргызгипрозем» мамлекеттик долбоорлоо институтунун Бишкек шаарынын чектерин, шаар четиндеги зонанын чектерин белгилөө боюнча жүргүзүп жаткан иштеринин жыйынтыгы менен таанышты. Анын жыйынтыгы менен «Бишкек башкы архитектура» мамлекеттик мекемесине Чүй облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жер участокторун тартипке келтирүү боюнча тапшырмаларды берди", - деп айтылат маалыматта.