Бишкекте жыл ичинде айдоочулук күбөлүгү жок унаа айдаган 3 миңден ашуун айдоочу кармалды

Милициянын кайгуул кызматында 2021-жылды жыйынтыктоо боюнча ыкчам кеңешме болуп өттү. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Билдирүүгө караганда, жыйында төмөнкү маселелер каралды.

Кайгуул кызматкерлери тарабынан 2021-жыл ичинде жол эрежелерин бузуу фактылары үчүн 289 миң 136 укук бузуулар жөнүндө протоколдор толтурулуп, 112 974 187 сом мамлекеттик бюджетке өндүрүлгөн.

Алардын ичинен :

- Автоунаага тийиштүү документтери жок айдоо 3175 ;

- Мас абалында автоунаа башкаруу 3284;

- Авто ээн баштык 69;

- Автоунаанын алдынкы жана каптал терезелерин атайын караңгылатып, күңүрттөп айдоо 751;

- Жөө жүргүнчүлөр жана велосипеддер катышкан эреже бузуулар 5514;

- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары 276 340;

- Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 22 580 автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан