Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматова анын жасалма диплому тууралуу маалыматты жарыялоо менен бийлик аны сындыргысы келет деп эсептейт. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазды.
"Урматтуу мекендештер! Сарсанаа болуп, кабар алып, колдоо көрсөткөнүңүздөр үчүн рахмат. Мен түз эфирде айткандагыдай ЖАМУнун ишмердиги боюнча сурак берип чыктым, баары жакшы. Буюрса тергөө адилеттүү жүрүп, чындык чыгат деген үмүттөмүн, бирок ишене албайм. Бийлик колдо турганда эмнелерди гана жасап салуу мүмкүн экендигин жалпыңыздар жакшы билесиздер. Эң негизгиси Кудай астында, эл астында жана өзүмдүн абийирим астында жүзүм жарык. Кудайга шүгүр, мыкты баа алып, жакшы окуп, ата-энемди кубанткан кыздардын биримин. Эки жолу шайлоого катышып, дипломумду баарын тапшырып, БШКдан текшерилип, "баары таза, баары жакшы" деген чечим менен шайлоодон өттүк. Ушундан улам былтыр да шайлоодо "Нарматова БШКга фальсификация кылып, документ тапшырды" деген доомат менен "Бүтүн Кыргызстанды" шайлоодон алып салуу аракеттери болгон окуя, менин жарандыгым боюнча каралоо, менин аялдык ар-намысыма шек келтирген каралоо эске түшөт.
Ошондо да койгон дооматтары орунсуз экени далилденип, уят болушкан. Эми каралоого доо таппай, эптеп өч алуу максатында өздөрүнүн маалымат каражаттары аркылуу "сындырып, уят кылабыз" дегендей сыяктанат. Андан башка себеп жок. Бул сыноолордун баары жакшылыкка. Мамлекеттин эң чоң көйгөйү Мадумаров менен Орозайым болсо мен кубанычтамын!", - деп жазды Нарматова.
Буга чейин, Орозайым Нарматованы Жалал-Абад мамлекеттик университетине мыйзамсыз кабыл алуу фактысы боюнча аталган окуу жайдын жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголгонун УКМК билдирген.