Бүгүн, 15-январга карата өлкөдө COVID-19 жана пневмония илдети дагы 607 жарандан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Бишкек - 404
Ош шаары - 14
Чүй облусу – 97
Ош облусу – 10
Талас облусу - 20
Нарын облусу - 5
Ысык-Көл облусу – 13
Жалал-Абад облусу – 24
Баткен облусу - 20.
Муну менен 2020-жылдын март айынан бери өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 188 миң 813кө жетти.
Ал эми сутка ичинде коронавирустан 122 адам айыкты. Муну менен аталган оорудан айыккандардын жалпы саны 180 миң 862ге жетти.