Акыркы бир сутка ичинде 1 адам коронавирус илдетинен каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, каза болгон адам Ош облусунда катталган. Ал эмдөө алган эмес.
Бул көрсөткүч менен өлкөдө пандемия башталгандан бери 2 828 адам коронавирустан каза болду.