15-январь: Бүгүнкүгө карата Бишкектин тургундарына жалпы 757 техникалык паспорт берилди

"Кадастр" мамлекеттик мекемесинин маалыматы боюнча, 15-январга карата конуштардын тургундарына 757 техникалык паспорт берилген.
Билдирүүгө ылайык, "Жер-Ынтымагы" конушу боюнча 1070 арыз кабыл алынып, 8 учурда канааттандыруудан баш тартылган, 959 техникалык паспорт берилген.

Ошондой эле “Ала-Тоо”, “Дордой”, “Арча-Бешик”, “Керамик”, “Төкөлдөш”, “Ак-Ордо”, “2-Черепки”, “Кара-Жыгач”, "Тынчтык", "Учкун" конуштарынан 2021-жылдын 13-декабрынан бери 293 кайрылуу кабыл алган.

2022-жылдын 11-январынан бери Дордой-2 жаңы конушунда да иш башталып, анын тургундары 419 арыз менен кайрылышкан.

Эске салсак, техникалык паспортторду берүү боюнча мобилдик топтор 7-декабрдан тарта ишин баштаган.

Көчмө бригадалары өз алдынча турак-жай курулган жер тилкелерине изилдөө жүргүзүп, андан соң Техникалык паспорт даярдашат. Жарандар ошондой эле түз эле Мамкаттоого кайрылып, техникалык паспорт даярдоо үчүн арыз калтырса болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kuban-1207
2022-01-15 16:25:52
Ак ордо 3 жаны конушуна качан берилет
0
Asmat84
2022-01-15 22:59:18
Черепки деген да конуш барбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан