Кызматынан бошотулган Ибрагим Жунусов Өзбекстандын тышкы иштер министри менен жолугушту

Өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Жолугушууда Ибрагим Жунусов эки мамлекет башчыларынын саясий эрки менен учурда кыргыз-өзбек кызматташтыгы эң жогорку деңгээлде экендигин, ынак коңшулук мамилелер чыңдалып, өлкөлөр ортосундагы товар алмашуу өсүүсүн, биргелешкен ишканалар түзүлүп, аймактардын ортосундагы чек ара кызматташуусу жигердүү өнүгүп жаткандыгын белгилеген.

"Абулазиз Камилов Ибрагим Жунусовго Кыргыз өлкөсү менен Өзбекстандын ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон жеке салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө көп кырдуу кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүнүн учурдагы абалы жана өнүктүрүү келечеги, мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу жана ар кандай деңгээлдеги, анын ичинде аймактык өз ара аракеттенүүнүн алкагында боло турган иш-чаралардын графиги талкууланды", - деп жазылат билдирүүдө.

Ибрагим Жунусов Өзбекстандагы элчи кызматынан декабрь айында бошотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан