Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, эмгек сиңирген куруучу Асад Гасанов каза болду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Асад Гасанов 1942-жылы Кызыл Армиянын катарында Түндүк Кавказ фронтуна чакырылып, Краснодар жана Ставрополь аймагындагы салгылашууларга катышкан. 10-зениттик миномёттук дивизиянын составында Брянск, Карачев, Минск, Варшава шаарларын бошотууга катышкан. Улуу Жеңишти Берлинде тоскон.
Ал согушка катышкандыгы үчүн бир нече Ардак грамота менен сыйланган.
Ошондой эле пенсияга чыкканга чейин курулуш башкармалыгынын башчысы, шаардык аткаруу комитетинин капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы, Бишкек шаарынын башкы архитекторунун орун басары болуп иштеген. Өмүрүнүн акыркы жылдарында Кыргыз өлкөсүндөгү азербайжандардын коомдук бирикмесинин вице-президенти болгон.