Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.
Жыйындын жүрүшүндө жол инфраструктурасын башкаруу тутумун реформалоо жана мамлекеттик органдын үстүбүздөгү жылга карата пландары боюнча сунуштар айтылган.
"Кеңешменин жыйынтыгында Транспорт министрлигинин балансында турган жолдорду тейлөөнү жакшыртуу, жол техникасын жаңылоо, ведомствонун иш планын кайрадан карап чыгуу, үстүбүздөгү жылга долбоорлор боюнча пландалган бардык курулуш объектилерин өз мөөнөтүндө жана сапаттуу бүткөрүү боюнча тапшырмалар берилди", - деп жазылат билдирүүдө.