17-январга карата аба ырайы: Тоолуу аймактарда кар жаайт

Бүгүндөн тарта өлкөнүн аймактарында жамгыр жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-январдан 19-январга чейин өлкө аймагында жаан-чачын жаашы күтүлөт. 17-январда күндүз жана 18-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Ошондой эле Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 92-99-чакырымдарында жана Красная Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү күтүлөт.

Жолдор тайгак болуп муз тоңот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
didu
2022-01-17 14:05:53
Жаасынчы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан