18-19-январда туруксуз аба ырайына байланыштуу жолдор тайгак болот. Бул тууралуу ӨКМнын басма кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, 17-январдан 19-январга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда, Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 92-99-чакырымдарында жана Красная Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык чектелиши зарыл.
"17-18-19-январда өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. 18-январда күндүз айрым жерлерде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Ал эми Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт", - деп айтылат маалыматта.