“Кең-Булуң автожол” жана “Токмок автожол” көзөмөл өткөрүү жайлары иштей баштады. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Кыргыз-Казак мамлекеттик чек ара аймагында жайгашкан “Кең-Булуң автожол” жана “Токмок автожол” көзөмөл өткөрүү жайлары бүгүн,17-январдан баштап жарандарды жана транспорт каражаттарын өткөрүп баштады.
17-январга карата Кыргыз-Казак мамлекеттик чек ара аймагынан жарандардын өтүүсүнө коюлган чектөөлөр:
- Өлкөнүн жана чет өлкөлүк жарандарга Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;
- Казакстандын аймагында жүргөн Кыргыз жана чет өлкөлүк жарандар өлкөгө “Ак-Тилек автожол”, “Чалдыбар автожол”, “Ак-Жол автожол”, “Токмок автожол” жана “Чоң-Капка автожол” көзөмөл өткөрүү жайлары аркылуу кире алышат;
- Өлкө аймагында жүргөн Казакстандын жарандары жогоруда көрсөтүлгөн көзөмөл өткөрүү жайлары аркылуу чыга алышат.
"Оор жүк ташуучу транспорт каражаттары өлкөнүн “Ак-Тилек автожол”, “Чалдыбар автожол” жана “Чоң-Капка автожол” көзөмөл өткөрүү жайлары аркылуу COVID-19га байланыштуу болгон чектөөлөрдү эске алуу менен эч кандай тоскоолдуксуз кирип чыга алышат. Бош оор жүк ташуучу транспорт каражаттары гана өлкөнүн “Кең-Булуң автожол” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу өлкөдөн Казакстандын аймагына чыга алышат. Өткөрүү жайларында жарандардын жана транспорт каражаттарынын тыгыны байкалган жок", - деп айтылат маалыматта.