Өткөн жылдын ноябрь айынан бери дайынсыз болуп жаткан Александр Орлов Бишкек шаарынан табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
2021-жылдын 9-декабрь күнү Москва РИИБине арыз менен аял киши кайрылып, 1956-жылы туулган жолдошу Александр Орлов 15-ноябрь күнү үйүнөн чыккан боюнча кайра кайрылып келбегенин айткан.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, издөө иштери башталган.
"Териштирүү ишинде дайынсыз болуп жаткан жаран жубайына Беловодское айылындагы унаа токтотуучу жайга жумушка киргенин айткан. Издөө иштеринин натыйжасында 14-январь күнү ал Бишкек шаарынан табылып, үйүнө барган", - деп жазылат маалыматта.