Соңку 24 саат аралыгында коронавирус илдетинен өлкө боюнча дагы 3 адам каза болду. Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашкандай, каза болгондор Бишкек шаарында катталды. Алар коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн эмес.
2020-жылдын март айынан бери Кыргыз өлкөсүндө бул илдеттен жалпы 2 миң 833 адам каза болду.