Милиция жардам сурайт. Алайда 71 жаштагы Бактыгүл Үсөнова дайынсыз болуп изделүүдө

Ош облусунун Алай районунда дайынсыз болуп жаткан Бактыгүл Үсөнованы табууга милиция кызматкерлери жардам сурайт. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, дайынсыз болуп изделип жаткан аял 1951-жылы туулган. Ал 2022-жылдын 12-январь күнү болжол менен саат 14:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.

Белгилери: Бою 160-165 сантиметр, чачы ак, кыска.

Кийимдери: Башында күрөң түстөгү тумак, үстүндө кофта, кара түстөгү шым кийип жүргөн.

Кимде-ким сүрөттөгү аялды көрүп, билген болсо байланышып коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.

Байланыш телефону: 03234 5-14-72, 03232 4-63-50, 0773 03 92 12, 0557 54 00 30.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан