"Манас айылы" президенттин иш башкармалыгына өткөрүп берилет

"Манас айылы" маданий-этнографиялык комплекси президенттин иш башкармалыгына өткөрүп берилет. Бул тууралуу "Бишкек" эркин экономикалык аймагынын башкы дирекциясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, "Бишкек" ЭЭАсы буга чейин "Манас айылы" маданий-этнографиялык комплексин алардын карамагынан башка түзүмгө өткөрүп берүү өтүнүчү менен өкмөткө кайрылып келген. Анткени комплекс алардын карамагына өткөндө эле начар абалда болгон. Бул кабыл алуу процессиндеги комиссиянын чечиминде да көрсөтүлгөн.

Ошондой эле "Манас айылын" камсыздоого жылына 3-4 миллион сом жумшалып, "Бишкек" ЭЭАнын карамагына өткөн 1999-жылдан бери жалпы 60 миллион сомдон ашуун каражат коротулган. Ал эми "Манас айылын" кирешеси ушул эле учурда жылына болгону 150 миң сомдун тегерегинде гана болгон.

Буга байланыштуу маданий-этнографиялык комплексти президенттин иш башкармалыгына өткөрүү чечими кабыл алынган.

Эске салсак, “Манас айылы” маданий-этнографиялык комплекси 1995-жылы “Манас” эпосунун 1000 жылдыгынын алкагында курулуп, кийин Бишкек шаарынын мэриясынын балансына өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Sanjura
2022-01-17 12:39:42
Охииий 60 миллион сомго эмнелерди гана бүтүрсө болбойт.Акчалардын абага эле учканын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан