Бүгүн, 17-январда Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтындагы башкы балатыны алуу иштери башталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мериясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, балаты жана анын жасалгалары мэриянын муниципалдык ишканасынын базасында сакталат.
Белгилей кетсек, 17-декабрь күнү "Ала-Тоо" аянтында Жаңы жылдык башкы балаты жандырылган.
Бийиктиги 25 метрлик балатыны жасалгалоого 5 миң метрге жакын гирлянда жана 1,5 метр дюралайт илинип кооздолгон.