Жыл ичинде 134 жаран каза болгон. Ысык-Көлдө жол коопсуздугун камсыздоо кызматы жыл жыйынтыгын чыгарды

Ысык-Көл ОИИБинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жыл жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн 2021-жылдын 12 айында аткарган иштери, ошондой эле алдыда жол-транспорт кырсыктарын кыскартууга багытталган иштерди аткара турган тапшырмалар боюнча ыкчам кеңешме өткөрүлдү.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн аппарат кызматкерлеринин, андан сырткары район-шаарларда аткарылган иштердин жыйынтыктары менен таанышты. Ал өз сөзүндө жол кырсыктарынын өсүүсү коомдогу эң бир көйгөйлүү маселелердин бири болуп жаткандыгын, адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыктардын алдын алуу жана болтурбоо боюнча президент, министрлер кабинети, ички иштер министри тарабынан бир топ тапшырмалар берилгендиги жана бул тапшырмаларды аткарууда ар бир кызматкер кызматтык милдеттерин так аткаруусу жана жоопкерчиликтүү экендигин баса белгиледи.

"2021-жылы облус аймагында жалпы 474 жол кырсыгы катталган, бул көрсөткүч мурунку жылга салыштырмалуу 21,8 пайызга көптүк кылат. Анын кесепетинен 134 жаран каза болуп, 840 жаран денесинен ар кандай оор жаракаттарды алышкан", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан