Орозайым Нарматованын атасы УКМКга сурак берип чыкты

Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты Орозайым Нарматованын атасы УКМКга сурак берди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына эл өкүлүнүн жакыны билдирди.

"Орозайым Нарматованын атасы УКМКга сурак берип чыкты. Ага диплом тууралуу суроолор берилген. Анткени депутаттын атасы кызынын дипломун окуу жайдан кол коюп алган", - деди ал.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованы Жалал-Абад мамлекеттик университетине мыйзамсыз кабыл алуу фактысы боюнча аталган окуу жайдын жооптуу кызматкерлерине УКМК тарабынан кылмыш иши козголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан