Экс-транспорт министри Нурлан Сулайманов министрлер кабинетинин төрагасынын коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалды

Бүгүн, 17-январда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде кеңешме өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө издөөгө алынган мурдагы Жогорку Кеңештин депутаты, экс-транспорт министри Нурлан Сулаймановдун отурганын көрүүгө болот.

SUPER.KG порталына министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан Нурлан Сулайманов министрлер кабинетинин төрагасынын коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалганын билдирди.

Белгилей кетсек, 2014-жылы 23-апрелде Башкы прокуратура мурунку транспорт жана байланыш министри Нурлан Сулаймановго Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесине ылайык айыбы сыртынан угузулган. Маалыматтарга караганда, ошол жылы Октябрь райондук соту тарабынан Нурлан Сулаймановду камакка алуу боюнча чечим чыгарылып, ал издөөгө алынган. Нурлан Сулайманов транспорт жана байланыш министри болуп турган убагында мамлекетке 41 миллион 220 миң сом зыян келтирген деп айыпталып жаткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
rysik79
2022-01-17 19:05:32
Мода келет, мода кетет...
0
Jelezo
2022-01-17 20:11:13
Корупционер качып жүрүп келеери менен кызматка турдубу,Макс рулит деген чын окшобойбу.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан