Таш жол тажаткан ат-башылыктар транспорт министрине киришти

Ат-Башы - Өзгөрүш жолун оңдоп берүү өтүнүчү менен Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды, Большевик, 1-Май, Талды-Суу жана Өзгөрүш айылдарынын жергиликтүү кеңешинин депутаттары министрге киришти. Бул тууралуу SUPER.KG`ге айыл тургуну Ысак Карачов билдирди.

“Ат-Башы – Өзгөрүш жолунун абалы өтө начар. Курулгандан бери оңдоо-түзөө болбогондуктан азыр эч бир стандартка жооп бербейт. Айыл элинин турмушуна бул жолдун начардыгы көп кедергисин тийгизүүдө. Мисалга, ооруган адамды ооруканага алып баруу керек болсо, көп кыйынчылыктар менен жеткиребиз”, - дейт тургун.

Алар аталган жолду оңдоп берүүнү өтүнүп, транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоевге киришкен. Министр алардын кайрылуусун угуп, учурда абалы өтө начар болуп турган жолдун бир бөлүгүн оңдоп берүүнү убадалаган.

“Ат-Башы – Өзгөрүш жолу жалпы 29 чакырым. Министрге кирсек, ал жолдун 3 чакырымын быйыл оңдоо пландалып жатканын айтты. Элеттиктердин арыз-муңун уккандан кийин ал жолдун 8 чакырымына оңдоо-түзөө жүргүзүүгө макул болду”, - дейт Карачов.

Ал аз болсо да жолдун оңдолору айыл элин сүйүнтүп турганын, бирок толук оңдолсо элдин жашоо-шарты жеңилдемек деген пикирин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
make2
2022-01-18 01:04:53
Темада Ат-Башыны чоң тамга менен жазгыла
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан