ПЦР-тесттин жыйынтыгын качан жана кайдан алса болот?

ПЦР-тесттин жыйынтыгын качан жана кайдан алса болот?

Республикалык штабдан билдиргендей, ПЦР-тест тапшырып, мобилдик бригада аны 19 лабораториянын (тейлөө аймагы боюнча) бирине дароо алып келсе, анда жыйынтыгы ошол эле күнү кечинде даяр болот.

Жыйынтыктарды:

  • лабораториянын өзүнөн колго алууга болот.
  • “COVID-19суз саякаттайм” тиркемеси аркылуу алса болот. Катталуу керек, даяр болгондо жыйынтык автоматтык түрдө көрүнөт.
  • жыйынтыктар мобилдик бригадага берилет. 118 түз байланыш номери аркылуу тактоого болот.

Тесттин натыйжасы оң болгон учурда, мазок алууда анкетага киргизилген маалыматтарыңыз автоматтык түрдө эпидемиологдорго өткөрүлүп берилет. Эпидемиологиялык иликтөө башталат: алар бейтапты чакырып, оорунун жагдайын, байланыш чөйрөсүн, ден соолугунун учурдагы абалын билишет. Маалыматтар үй-бүлөлүк дарыгерлерге берилет. Алар өз кезегинде бейтапты текшерүү, оорунун оор түрүндө ооруканага жаткыруу маселесин чечишет. Коронавирустун андан аркы жайылышына жол бербөө үчүн байланыштагы адамдардан ПЦР-тестке материал алынат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Altyn10076
2022-01-17 20:21:50
Ошондо канча сомго жазатабыз
0
raikakyz
2022-01-18 03:16:23
Altyn10076, Мамлекеттик лаборотория болсо 800, 900.
Аква, Бонецкий лабороториялапда 1600.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан