Ош шаарында жеңил атлетика боюнча жарыш өттү

Бүгүн Т.Сатылганов атындагы сейил багында бардык каалоочулар арасында жеңил атлетика боюнча жарыш болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага 100гө жакын адам катышып, аялдар, эркектер жана профессионалдар 3 жана 5 чакырым аралыкка чуркашты. Жыйынтыгында жеңүүчүлөр уюштуруучулар тарабынан белектер менен сыйланышты. Сергек жашоого үндөө максатында мындай жарыштарды байма-бай өткөрүп туруу пландалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан