Оштогу "Тазалык" ишканасынын кызматкерлеринин айлык акысын 50 пайызга көтөрүү пландалууда

17-январда “Ош-Тазалык” адистештирилген муниципалдык ишканасы 2021-жылдын жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев катышып, аталган ишкананын эмгек жамаатынын калаанын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымын белгиледи. Вице-мэр 2022-жылы шаарда тазалыкты калыбына келтирүү жаатында олуттуу реформалар жүргүзүлө турганын кошумчалады.

“Быйыл шаарда тартипти жана тазалыкты калыбына келтирүү жаатындагы иштерди күчөтөбүз. Андыктан “Ош-Тазалык” ишканасынын алдында чоң милдеттер турат. Быйылкы жылы эмгек акыны 50 пайызга көтөрүү пландалууда. Бул шаар тазалыгын камсыздагандарга жакшы стимул болот. Ошондой эле атайын техникаларды жаңылоого өзгөчө көңүл бурулат. Жыл сайын 2-3 даана заманбап атайын техникаларды алуу планы бар. Жумушту жакшыртуу боюнча сиздердин демилгелериңиздер колдоого алынат. Сиздерден жакшы жыйынтыктарды күтөбүз. “Ош-Тазалык” алдыңкы ишканага айланышы керек", - деп белгиледи вице-мэр.

Жыйындын жүрүшүндө ишкананын жетекчиси Исмаилов 2021-жылда аткарылган иштердин жыйынтыгына токтолду. Өткөн жылы абоненттердин саны 229 миңден 259 миңге көбөйгөнүн билдирди. “Ош-Тазалык” тейлеген соода объектилеринин саны 2 миң 776дан 3 миң 812ге өскөн. Жыл жыйынтыгын чыгарган жыйында ишкананын кызматкерлери менен пикир алмашуу да болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
amirrus
2022-01-18 18:32:55
Молодец Кличко
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан